Кыргызстан менен Өзбекстандын мамлекеттик чек арасындагы кайрадан жаңыдан курулган “Кең-Сай – унаажол” жана “Уч-Курган – унаажол” көзөмөлдөө-өткөрүү пунктары ачылып, иши жанданды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасында кайрадан жаңыдан курулган “Кең-Сай – унаажол” жана “Уч-Курган – унаажол” көзөмөлдөө-өткөрүү пунктарынын ачылыш аземине катышты.

Анда сөз сүйлөгөн МинКаб Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев бул пунктар туристтердин агымын жогорулатууга, эки өлкөнүн тең транспорттук-логистикасын жана элдин күнүмдүк жашоосуна ыңгайлуу шарт түзөрүнө ишенээрин билдирди.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Өзбекстан Республикасына болгон, Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргыз Республикасына болгон жогорку даражалуу сапарларынын алкагында Жалал-Абал облусу менен Наманган облусунун ортосундагы кызматташтыкты мындан ары тереңдетүү жана кеңейтүү боюнча бекитилген “Жол картасына” ылайык жогорудагы көзөмөлдөө-өткөрүү пунктарын кайрадан жандандыруу маселеси каралган болчу.

Статистикалык маалыматтарга ылайык, кыргыз-өзбек чек арасы аркылуу 2023-жылы 14 млн ашуун адам өтсө, 2024-жылдын сегиз айында анын саны 11 млн адамга жеткен, бул өткөн жылдын ушул мезгилине караганда 1,5 млн адамга көп. Ал эми өлкөлөр ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү 2023-жылы 693,6 млн долларды түзсө, 2024-жылдын 7 айында 428 млн долларга жетип, ал 2023-жылдын ушул мезгилине карата өсүү темпи 6,7%ды түздү.

Связанный пост