Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасын мыйзамсыз кесип өтүү каналы аныкталды

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети контрчалгындоо иштерин уюштуруунун алкагында Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасы менен мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өтүү каналы аныкталып, токтотулду.

Ушул жылдын 3-июнунда КР УКМК чек ара кызматкерлери менен биргеликте Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак а/а “Кум” чек ара тилкесинде Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын Өзбекстан Республикасы тарапка мыйзамсыз кесип өтүүгө аракет кылгандыгы үчүн (чек ара көзөмөл пунктунан тышкары) Бангладеш Республикасынын 4 жараны жана Өзбекстандын 1 жараны кармалды.

Ошондой эле, көрсөтүлгөн убакытта Өзбекстан Республикасынан Кыргыз Республикасына мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү фактысы боюнча жогоруда аталгандарга ортомчулук кызмат көрсөткөн 1994-жылы туулган Өзбекстандын жараны М.Н.Р. кармалган, ал, аталган чет элдик жарандарды Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасынын мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өтүүгө көмөк көрсөтмөк.

Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Связанный пост