Кыргызстан Глобалдык тынчтык индексинде 24 баскычка көтөрүлдү

 Кыргызстан Глобалдык тынчтык индексинде 24 баскычка көтөрүлдү

Кыргызстан Глобалдык тынчтык индексинде (Global Peace Index) дароо 24 баскычка көтөрүлүп, 77-орунду ээледи. Бул тууралуу аталган рейтингдик уюмдун маалыматында айтылат.

Белгиленгендей, 2023-жылы Кыргызстан бул рейтингде 101-орунду ээлеп турган.

Мындай көрсөткүч Кыргызстан адам өмүрү үчүн коопсуз жана туруктуу болуп, эл аралык аренада позициясын бекемдеп бара жатканынын ачык далили.



Global Peace Index – бүткүл дүйнө жүзүндөгү мамлекеттердин тынчтыгын мүнөздөгөн, мамлекеттин ичиндеги зордук-зомбулуктун деңгээлин жана анын тышкы саясатынын агрессивдүүлүгүнүн деңгээлин өлчөгөн комплекстүү көрсөткүч болуп саналат.

Индекс кайсы мамлекеттер адам өмүрү үчүн эң коопсуз (жана тескерисинче кооптуу) деп эсептелээрин көрсөтөт.

Рейтингдин жыйынтыгы өнөктөш уюмдардын катышуусу менен Сидней университетиннин базасындагы Экономика жана тынчтык институту тарабынан чыгарылат.

Связанный пост