Кыргызстан ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ичинен ИДПнын өсүшү боюнча алдыда

 Кыргызстан ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ичинен ИДПнын өсүшү боюнча алдыда

2024-жылдын биринчи жарымында ЕАЭБдин ички дүң продукциясынын көлөмү 2023-жылдын январь-июнь айларына салыштырмалуу 4,6%га өстү, деп билдирет Евразия экономикалык комиссиясы.

Алсак, отчеттук мезгилде ЕАЭБде товарларды өндүрүү 4,3%га, кызмат көрсөтүүлөр 5,2%га өскөн.

ЕАЭБ өлкөлөрүндө 2024-жылдын январь-июнь айларында ички дүң продукцияны өндүрүүнүн өсүшү төмөндөгүдөй көрсөткүчкө жеткен:

  • Кыргызстанда – 8,7%;
  • Беларуста – 7,5%;
  • Арменияда – 7,3%;
  • Россияда – 4,2%;
  • Казакстанда – 3,6%.

 

Булак “Кабар” агенттиги

Связанный пост