Кыргызстан Дөңгөлөктүү транспорт каражаттары үчүн БУУнун макулдашылган техникалык эрежелерин кабыл алуу жөнүндө Макулдашууга кошулду

 Кыргызстан Дөңгөлөктүү транспорт каражаттары үчүн БУУнун макулдашылган техникалык эрежелерин кабыл алуу жөнүндө Макулдашууга кошулду

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Дөңгөлөктүү транспорт каражаттары, дөңгөлөктүү транспорт каражаттарына орнотулушу жана/же колдонулушу мүмкүн болгон жабдуулардын предметтери жана бөлүктөрү үчүн Бириккен Улуттар Уюмунун макулдашылган техникалык эрежелерин кабыл алуу жөнүндө жана 1958-жылдын 20-мартында Женева шаарында түзүлгөн Бириккен Улуттар Уюмунун ушул эрежелеринин негизинде берилген расмий бүтүмдөрдү өз ара таануунун шарттары тууралуу макулдашууга Кыргыз Республикасынын кошулуусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2023-жылдын 29-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Келишим катышуучу өлкөлөргө заводдук сыноолордун негизинде Транспорт каражатынын түрүн жактырууну (ТКТЖ) алууга укуктук мүмкүнчүлүк берет. Ата мекендик өндүрүүчүлөр ТКТЖны заводдук сыноолордун протоколдорун жана аларга декларацияларды сертификаттоо органына жана сыноо лабораторияларына тапшыруу аркылуу ала алышат. Кыргыз Республикасы бул Макулдашууга кошулуусу менен ТКТЖны алуу жол-жобосу арзан жана тезирээк болуп калат.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Связанный пост