Кыргызстан БУУда Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча иш-чара уюштурду
Кыргызстан Нью-Йорк шаарында БУУнун Туруктуу өнүктүрүү боюнча жогорку деңгээлдеги саясий форумунун алкагында “Иш-аракеттердин беш жылдыгына көмөктөшүү: тоолор 2030-жылга чейин ТӨМдүн күн тартибин ишке ашырууну тездетүүнүн ачкычы катары” темасында сайд-ивент өткөздү.
Иш-чара президенттин администрациясы жана респуликанын БУУдагы туруктуу өкүлчүлүгү тарабынан уюштурулду. Уюштуруучулардын катарына ФАОнун Нью-Йорктогу кеңсеси, Тоо өнөктөштүгүнүн катчылыгы, Андорра, Непал жана Италия кирди.
Сайд-ивенттин жүрүшүндө президенттин атайын өкүлү Динара Кемелова Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгын ишке ашыруунун жүрүшү жана БУУнун алкагында илгерилетилип жаткан Кыргызстандын тоолуу демилгелери менен тааныштырды.
Динара Кемелова ошондой эле “Туруктуу өнүгүү үчүн глобалдык тоо диалогу” эл аралык конференциясынын жыйынтыгы менен бөлүшүп (2025-жылдын 24-25-апрели, Бишкек ш.), Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун тоолуу өлкөлөрдүн кеңири коалициясын түзүү, БУУнун Тоолор боюнча координациялык механизмин түзүү демилгелерин белгилеп, Тоолуу беш жылдыкты активдүү ишке ашыруу боюнча 2026-2027-жылдарга карата иш-чараларды, анын ичинде “Бишкек+25” Экинчи глобалдык тоо саммитин (2027-ж., Бишкек ш.) өткөрүүдө активдүү кызматташууга чакырды.
Кыргызстандын БУУдагы туруктуу өкүлү Аида Касымалиева өз сөзүндө тоолуу экосистемаларды коргоо, климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу жана тоолуу аймактардын туруктуу келечегин камсыз кылуу үчүн эл аралык коомчулуктун аракеттерин бириктирүүгө чакырды.
Иш-чарага тоолуу өлкөлөрдүн, БУУнун ФАО, БУУӨП, ЮНЕП сыяктуу агенттиктеринин, деңизге чыга албаган өлкөлөрдүн (LLDC), ДМУнун ж.б. өкүлдөрү, ошондой эле эксперттер чогулуп, мында сөз сүйлөгөндөр тоо экосистемаларын, тоолуу жамааттардын кызыкчылыктарын коргоо жана Кыргызстандын демилгелерин колдоо боюнча долбоорлорду алга жылдыруунун маанилүүлүгүн билдиришти.
Ошондой эле Динара Кемелова БУУнун башкы катчысынын климат маселелери боюнча атайын кеңешчиси Селвин Харт менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Тараптар Кыргыз Республикасы менен БУУ системасынын ортосундагы климаттык маселелер боюнча кызматташуу маселелерин талкуулашып, ошондой эле тоолордун экосистемалык кызмат көрсөтүүдөгү маанисин жана алардын климаттык процесстерге тийгизген таасирин белгилешти.
Динара Кемелова Кыргызстандын Глобалдык тоо диалогун илгерилетүү, БУУнун Тоону туруктуу өнүктүрүү боюнча резолюциясын жаңылоо боюнча демилгелери жөнүндө маалымдады. Ушуну менен бирге, жолугушууда БУУ алкагында климат боюнча лидерлердин алдыда боло турган саммитинин маселелери да айтылды. Ошентип, Кыргызстандын тоо демилгелерин БУУнун алкагында эл аралык колдоо кеңейүүдө.