Кыргызстан боюнча 26,5 миң мугалимге ноутбуктар таратылды

 Кыргызстан боюнча 26,5 миң мугалимге ноутбуктар таратылды

Кыргызстан боюнча 26,5 миң так илимдер жана англис тили мугалимдерине “Алтын казык” ноутбуктары таратылды, – деди агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева бүгүн Бишкекте кезектеги ноутбуктарды тапшыруу учурунда.

Анын айтымында, президенттин демилгеси менен өлкөнүн билим берүү системасын санариптештирүү интенсивдүү жүрүп жатат.

“Анын башкы максаты мугалимдерди ноутбуктар менен камсыздоо маселеси болчу. Ал жөн гана бош ноутбук эмес, ичинде окуй турган китебинен баштап сабактардын иштелмелери, методикалык колдонмолордун баары кирген. Бүгүн Бишкектеги мектеп директорлорунун окуу-тарбия иштери боюнча 502 орун басарына берилип жатат. Өлкө боюнча так илимдер жана англис тили мугалимдерине 26 миң 500 ноутбук таратылып бүттү”, – деди министр.

Связанный пост