Кыргызстан Борбор Азияда экономикалык лидер болду

 Кыргызстан Борбор Азияда экономикалык лидер болду

2025-жылдын алты айында Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен Кыргызстан ички дүң продукциянын (ИДП) өсүү темпи боюнча биринчи орунга чыкты, деп кабарлайт UPL.uz сайты.

Андагы маалыматка ылайык, Кыргызстандын ИДПсы 11,7 пайызга өсүп, 711,17 млрд сомду түздү. Былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу өсүү темпи 3,6 пайыздык пунктка жогорулаган.

Экинчи орунда Тажикстан (8,1%), үчүнчүдө – Өзбекстан (7,2%) жайгашты. Андан кийинки орундарда Түркмөнстан (6,3%) жана Казакстан (6,2%) турат.

Аналитиктердин баамында, Борбор Азия мамлекеттеринин жалпы ИДПсы (сатып алуу жөндөмдүүлүгүнүн паритети боюнча) Аргентина же Швеция сыяктуу ири экономикалардан ашып түшөт.

Булак “Кабар” агенттиги

Связанный пост