Кыргызстан 6 негизги азык-түлүк менен ички муктаждыгын камсыздоодо

 Кыргызстан 6 негизги азык-түлүк менен ички муктаждыгын камсыздоодо

Кыргызстан 2025-жылдын жети айынын жыйынтыгы боюнча тогуз негизги азык-түлүктүн алтоосу боюнча ички муктаждыктарды камсыз кылды. Бул тууралуу Бишкекте өткөн брифингде Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин азык-түлүк коопсуздугу боюнча чечимдерди ишке ашыруу бөлүмүнүн адиси Мээрим Есенкулова билдирди.

Анын айтымында, азык-түлүк коопсуздугунун деңгээлин аныктоочу негизги азык-түлүктөрдүн тизмесине ун, дан, картошка, эт, сүт азыктары, жумуртка, жашылча-жемиштер, мөмө-жемиштер жана жер-жемиштер кирет.

“Алдын ала маалыматтарга караганда, өлкө өзүн картошка, сүт азыктары, жашылчалар, бакча өсүмдүктөрү жана нан азыктары менен толук камсыздайт. Эт менен камсыз болуу болжол менен 80 пайызды түзөт. Ошол эле учурда, төрт позиция боюнча — мөмө-жемиштер, жумуртка, өсүмдүк майы жана кант боюнча өзүн-өзү камсыздаган жок”, — деп белгиледи Есенкулова.

Ал кошумчалагандай, биринчи кезектеги азык-түлүктөргө баалардын мониторинги Улуттук статистика комитети жана Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы менен биргеликте жума сайын жүргүзүлүп турат.

Есенкулова жылдын аягында көрсөткүчтөр өзгөрүшү мүмкүн экенин, анткени кайра иштетүүчүлөр жана дыйкандар ишин улантып жатканын белгиледи. Жыйынтыктоочу маалыматтар 2025-жылдын аягында берилет.

Связанный пост