Кыргызстан $58 млн энергетикалык жабдууларды сатып алды

 Кыргызстан $58 млн энергетикалык жабдууларды сатып алды

Кыргызстан 58 млн долларга энергетикалык жабдууларды сатып алды. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, сатып алуу Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган.

17-майда чет өлкөдөн жаңы акылдуу эсептегичтер, СИП зымдар, кабель жана трансформаторлор алынып келип, сактоочу кампага түшүрүлдү. “Энергетика секторун модернизациялоо” долбоорунун алкагында жалпы 10(6)/0,4кВ – 281 даана тарнсформатор, 35кв – 10 даана трансформатор, 100 чакырым 6-10 кВ кабель жана 233 чакырым СИП зымдарын сатып алуу каралган.

Мындан тышкары, 500 миң 100 даана акылдуу эсептегичтерди алуу пландалып, учурда жалпы 193 миң 865 даанасы жеткирилип, республика боюнча 113 миң 403 даанасы абоненттерге орнотулду.

Связанный пост