Кыргызстан өзүн 9 негизги продукциянын 7си менен камсыз кылат
Кыргызстанда 9 негизги социалдык мааниге ээ азык-түлүк товарлары бекитилди, анын 7си ички өндүрүштүн эсебинен толук камсыздалат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаевдин төрагалыгы астында өткөн Азык-түлүк коопсуздугу жана тамактануу боюнча кеңештин жыйында айтылды.
Тиешелүү мамлекеттик органдын маалыматына ылайык, 2024-жылдын январь-июль айларына карата өзүн-өзү камсыздоонун деңгээли төмөндөгүдөй:
- нан азыктары – 86,5%;
- картошка – 162,8%;
- жашылча-жемиштер – 159,0%;
- эт – 79,1%;
- сүт – 116,3%;
- кант – 49,2%;
- жумуртка – 71,4%;
- өсүмдүк майы – 48,5%.
Ошондой эле калктын муктаждыктарына байланыштуу жаңы түшүмгө чейин калктын өзүн-өзү камсыз кылуу пайызы төмөндөп кетиши мүмкүн экени айтылды. Буга байланыштуу минкаб төрагасынын орун басары айыл чарба өндүрүшүн колдоо жана жергиликтүү өндүрүшчүлөрдү стимулдаштыруу боюнча кошумча чараларды көрүүнү тапшырды.