Кыргызстанда 1 ай ичинде 153 тез тамактануучу жай текшерилди
Ветеринардык кызматы 2023-жылдын 3-октябрындагы “Тамак-аш коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө” № 366 буйругун ишке ашыруу жана Бишкек Шаарындагы жарандык массалык уулангандыгына байланыштуу, ветеринардык кызмат төмөндөгүчө маалымдайт:
2023-жылдын 4-октябрында Ветеринардык кызматтын № 295 буйругу кабыл алынып, райондук жана шаардык башкармалыктарга коомдук тамактануу жайларды текшерүү боюнча тапшырма берилген.
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги менен пландан тышкары текшерүүлөр боюнча 170 субъект макулдашылып, анын ичинен 153 субъектиге текшерүү жүргүзүлдү:
– Бишкек шаарынан 64 субъектинин ичинен 47 субъектиге текшерүү жүргүзүлүп, 17 субъект жабылды;
– Чүй облусунан 46 субъектинин ичинен 46 субъектиге тешерүү жүргүзүлдү;
– Ош шаарынан 40 субъектиге толугу менен тешерүү жүргүзүлдү
– Ош облусунун 6 субъектиге толугу менен тешерүү жүргүзүлдү;
– Баткен облусунан 4 субъектиге толугу менен тешерүү жүргүзүлдү;
– Нарын облусунан 10 субъектиге толугу менен тешерүү жүргүзүлдү.
Текшерилген субъектилер ветеринардык-санитардык талаптарга жооп бербегендиги жана көрсөмөлөрдү толук аткарбагандыгы үчүн бардыгы 237000 сом өлчөмүндө айып (штраф) салынды.
Республика боюнча 1184 тез татым жана коомдук тамактануучу жайлар бар 801 субъектиге мониторинг жүргүзүлүп жана алардын эт азыктарынан үлгүлөр алынып Ветеринардык дарт аныктоо жана экспертиза борборуна тапшырылды.
Республика боюнча жогоруда көрсөтүлгөн тез-татым тамактанучу жайлар жабылган жок.