“Кыргызалтындын” акционерлери пайданын 75%ын бюджетке төлөөнү жактырды

Бүгүн “Кыргызалтын” ААКта акционерлердин жылдык жалпы чогулушу өттү.
Компаниядан билдиришкендей, анда компаниянын тоо-кен тармагындагы ишмердүүлүгүнүн туруктуулугун тастыктаган маанилүү финансылык жана уюштуруу жыйынтыктары жарыяланды.
Отурумдун жүрүшүндө коомдун 2024-жылга карата финансылык-чарбалык ишмердүүлүгү, бюджеттин аткарылышы жана негизги көрсөткүчтөрүнө баа берүү боюнча отчеттор каралып, коомдун мындан аркы пландары жана стратегиялык милдеттери талкууланды.
“Кыргызалтын” ААКы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча 2024-жылга карата ишкананын кирешеси 18,6 млрд сомду, пайдасы 17,2 млрд сомду түздү.
2024-жылы «Кыргызалтын» ААК кирешенин рекорддук деңгээлине жетишти, бул 2023-жылга салыштырмалуу 36%га көп.
Жыйындын жүрүшүндө акционерлер пайданын 75%ын дивиденд түрүндө мамлекеттик бюджетке төлөө чечимин кабыл алышты.
Акционерлердин жылдык жалпы чогулушунун жыйынтыгы боюнча бардык сунуштар эске алынып, күн тартибиндеги маселелер боюнча тиешелүү чечимдер кабыл алынды.
Белгилей кетсек, “Кыргызалтын” ААКтын негизги акционери болуп министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик саналат. Башкача айтканда, акциялардын 99%ы таандык. Ал эми 1%ы Финансы министрлигине таандык.