“Кыргыз темир жолу” ишканасы 2023-жылдын ичинде 247 миң жүргүнчү ташыды

 “Кыргыз темир жолу” ишканасы 2023-жылдын ичинде 247 миң жүргүнчү ташыды
“Кыргыз темир жолу” Улуттук компания” мамлекеттик ишканасы Кыргыз Республикасынын калкынын жүргүнчүлөрдү ташууга болгон муктаждыктарын жана чарба жүргүзүүчү субъекттердин жүк ташуудагы керектөөлөрүн канааттандыруу максатында темир жол транспортунун туруктуу жана коопсуз иш алып баруусун камсыздайт.
Кыргыз темир жолу аркылуу 2023-жылдын ичинде 9 367,0 миң тонна же 116,8 %, жүк ташылды, өсүш 2022-жылдын тийиштүү мезгилине карата 1 345,0 миң тоннаны түздү (2022-жылда – 8 022,0 миң тонна).
Өсүш 2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу импорттун 116,6% га, ал эми экспорттун 145,6% га көбөйүшүнүн эсебинен камсыздалды.
Мындан тышкары, 2023-жылдын ичинде 247 000 жүргүнчү ташылды, анын ичинде эл аралык каттам боюнча 14 283 жүргүнчү жана республикалык ички ташууларда 232 717 жүргүнчү ташылды.
2023-жылдын ичинде операциялык ишмердиктин жана транспорттук кирешелердин натыйжасында «КТЖ» УК» МИнин баланстык кирешеси 2 628 269 миң сомду түздү (2022-жылга – 1 311 310 миң сом).
Республикалык бюджетке 2023-жылдын отчеттук мезгилинде 754 331 миң сом суммасында салык төгүлдү, бул 2022-жылдын деңгээлинен 213 842 миң сомго көп (2022-жылда – 540 489 миң сом).
Социалдык фондго 2023-жылдын отчеттук мезгилинде 515 661 миң сом төгүлдү, бул 2022-жылдын деңгээлинен 41 878 миң сомго көп (2022-жылда – 473 783 миң сом).
Бүгүнкү күндө “КТЖ” УК” МИсы Кыргыз Республикасынын ири салык төлөөчүлөрүнүн бири болуп саналат. Ишкана тарабынан Кыргыз Республикасынын бюджетине жана социалдык фондуна төлөмдөр белгиленген мөөнөттөргө ылайык өз убагында которулууда.
Ошону менен бирге Улуттук компания ишин тийиштүү деңгээлде кармап туруу үчүн кыймылдуу курамдын паркын жана темир жол рельстерин калыбына келтирүүгө жана оңдоого багытталган зарыл көлөмдөгү иштердин жүргүзүлүшүн камсыздайт.
«КТЖ» УК» мамлекеттик ишканасы темир жолдун коопсуз эксплуатациясын камсыз кылуу үчүн өз каражаттарынын эсебинен кыймылдуу составдын паркын (локомотивдер, вагондор), темир жолдорду жана жасалма курулмаларды, белги берүү жана байланыш тутумдарын тейлөө жана оңдоону жүзөгө ашырат. Жүк ташуудан түшкөн киреше менен ишкана материалдарды, техникалык жактан тейлөө жана оңдоо үчүн запастык бөлүктөрдү, күйүүчү-майлоочу материалдарды сатып алууга зор үлүшүн жумшайт.
Темир жол транспортунун коопсуздугун жогорулатуу жана жолдун үстүнкү түзүмүн модернизациялоо максатында «Кыргыз темир жолу» УК» МИ 11км темир жолдун темир-бетон шпалдарын төшөө менен күчөтүлгөн орто оңдоо иштерин жүргүздү.
Мындан тышкары Беловодскидеги жана Бишкек шаарындагы вагон оңдоочу заводдордо 251 жүк ташуучу, 42 жүргүнчү вагону оңдолду. Депо шарттарында тепловоздордун 150ден ашык оңдоо иштери жүргүзүлдү.
Поезддердин кыймылынын коопсуздугун жана үзгүлтүксүз байланышты камсыз кылуунун максатында Боом капчыгайынын РЗД-148 – Коямат-Куркол тилкесиндеги 3918 – 3919 чакырымдарынын сел коркунучу бар аймагында иштер жүргүзүлдү, аталган тилкеде магистралдык кабель менен темир-бетон лотоктор төшөлдү.
Жол кыймылынын коопсуздугун алкагында, ташылып жаткан жүктөрдү сактоосуу сапаттуу камсыз кылуусуна, адамдардын өмүрүнө коркунуч келтирбөө жана электр энергиясын керектөөнү үнөмдөө максатында эски үлгүдөгү чырактарды бир нече эсе жогору светодиоддук жаңы техникалык көрсөткүчтөрү бар чырактар менен алмаштырылган.
Ошондой эле, отчеттуулук мезгилде ташуу ишмердүүлүгүн санариптештирүү жана фискалдаштыруунун алкагында Кыргыз темир жолунда электрондук эсеп-фактуралар жана онлайн-кассалык машиналар киргизилди.
2023-жылы германиялык жана англиялык туристтик компанияларынын өтүнүчү боюнча Жибек Жолу багыты боюнча 6 туристтик поезд Алматы – Бишкек – Балыкчы – Ташкент – Самарканд – Худжанд – Бухара – Ташкент багытында Американын жана Европанын экономикалык жактан өнүккөн өлкөлөрүнөн келген туристтер менен сапар тартты.
Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун туризмди өнүктүрүү Жарлыгын ишке ашыруу жана жүргүнчүлөрдү ташуудагы шарттарды жакшыртуу максатында, «Кыргыз темир жолу» УК» МИнин демилгеси менен 2023-жылдын 21-июлунда «ВИП» категориясындагы жүргүнчүлөрдү ташуучу вагон Бишкек – Балыкчы каттамга ишке киргизилген. Жакшыртыган вагондор жүргүнчүлөр тарабынан олуттуу суроо-талапка ээ болду.
Алсак, «КТЖ» УК» мамлекеттик ишканасы Бишкек – Балыкчы каттамы боюнча жүргүнчүлөрдү ташуудан түшкөн кирешени 2,3 миллион сомдон (2022-жылы Вип вагонду эске албаганда) 7,3 миллион сомго (2023-жылы эксплуатациялоо мезгилинде 2 Люкс жана VIP вагондор эске алуу менен) көбөйткөн.
Кыргыз Республикасынын ички темир жол тармагын өнүктүрүү жана жаңы темир жол линияларын куруу долбоорлорун ишке ашыруунун алкагында, Балыкчы-Кочкор темир жолунун “Балыкчы – Кочкор – Кара- Кече – Макмал” долбоору боюнча 2022-жылдын 31-мартынан тарта 20 чакырым жолдун түбү курулуп, аталган тилкекеде жолдун үстүнкү конструкциясын төшөө иштери аяктап жатат.
Кыргыз Республикасында контейнердик ташууларды өнүктүрүү жана темир жол транспорту менен жүк ташуу географиясынын иштешин кеңейтүү үчүн эл аралык алты тараптуу мультимодалдык маршрут боюнча ташуу үчүн жеңилдетилген тариф белгиленген.
Учурда «КТЖ» УК» мамлекеттик ишканасы локомотивдерди оңдоонун жаңы түрлөрүн өздөштүрүүдө, алар мурда Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерлерде жүргүзүлүп келген.
Аламүдүн станциясынын кубаттуулугун жогорулатуу боюнча иштер жүргүзүлдү – контейнерлерди түшүрүү жана сактоо үчүн фронтту көбөйтүү максатында крандын учуу тилкесин 100 м узартуу. Бул тилкеге кошумча түрдө 200 – 240 даана кырк тонналык контейнерлерди же 480 даанага чейин жыйырма тонналык контейнерлерди жайгаштырууга мүкүндүк берет жана контейнерлерди ташуунун жана сактоонун учурдагы чыгымдарын бир кыйла кыскартат.
Кара-Балта, Шопоково, Бишкек-1, Беловодская, Кайыңды, Кант, Ивановка, Быстровка, Токмак, Рыбачье, Кызыл-Кыя станцияларында белгиленген тартипте оңдоо иштери жүргүзүлдү.

Связанный пост