Илхам Алиев Садыр Жапаровду жана Кыргызстандын элин Жеңиш күнү менен куттуктады

 Илхам Алиев Садыр Жапаровду жана Кыргызстандын элин Жеңиш күнү менен куттуктады

Азербайжан Республикасынын Президенти Илхам Алиев Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 81 жылдыгы менен куттуктады.

“9-май – биздин элдерибиз үчүн тарыхта теңдешсиз баатырдыктын, эрдиктин жана жан аябастыктын символу катары калган жалпы майрам болуп саналат. Фашизмге каршы күрөштө жоокерлердин жана тылдагы эмгекчилердин эрдиги менен туруктуулугу муундардын жүрөгүндө түбөлүккө сактала турган тарыхый Жеңиштин кепилдиги болду.

Биз орду толгус жоготууларга жана кыйынчылыктарга карабастан, өз Мекенинин эркиндигин коргоп калган бардык баатырлардын элесин терең урмат менен эскеребиз.

Оор сыноолор жылдарында чыңдалган достук жана өз ара көмөктөшүү салттары мындан ары да Азербайжан Республикасы менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы мамилелерди өнүктүрүүнүн жана чыңдоонун ишенимдүү негизи катары кызмат өтөй берет деп ишенем”, – деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Связанный пост