Кыргыз-тажик чек арасынын бардык периметри боюнча куралдуу кагылышуу болууда

 Кыргыз-тажик чек арасынын бардык периметри боюнча куралдуу кагылышуу болууда

 Бүгүн, 16-сентябрда саат 08:25ке карата Тажикстандын чек арачылары Баткен облусунун Лейлек районундагы Кулунду, Максат жана Жаңы-Жер аймактарын аткылай баштады. Бул тууралуу КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, учурда кыргыз-тажик чек арасындагы абал чыңалуу бойдон калууда.

“Тажик тарап Баткен облусунун Лейлек районундагы Кулунду, Максат жана Жаңы-Жер аймактарын аткылай баштады. Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын бардык периметри боюнча куралдуу кагылышуулар болуп жатат. Бул багытта турган КР УКМКнын Чек ара кызматынын аскер кызматкерлери жооп иретинде ок атууда”, – деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, 14-сентябрда эртең менен кайрадан кыргыз-тажик чек арасында ок атылды.

УКМКнын Чек ара кызматы билдиргендей, Кыргызстандын чек ара кызматкерлери Баткендин Булак-Башы тилкесинде кызмат өтөп жаткан учурда Тажикстандын чек арачыларын байкашкан. Алар мурда түзүлгөн келишимдерди бузуп, такталбаган чек ара тилкесинде күжүрмөн позицияларды ээлешкен.

“Тажикстандык чек арачылар кыргыз тараптын тилкеден чыгып кетүү боюнча мыйзамдуу талаптарына баш ийбей, ок чыгарган. Жооп катары кыргызстандык чек арачылар дагы ок чыгарган. Ок атышууда тажик тарап миномет колдоно баштаган. Атышуудан эки кыргызстандык чек арачы жарадар болду”, – деп айтылат маалыматта.

Саат 14:00дө Баткендин Как-Сай жерлигинде Тажикстандын чек арачылары Кыргызстандын “Достук” чек ара заставасы көздөй ок чыгарышкан. Ок атышуу саат 14:40ка карата токтогон.

Саат 15:08де Баткендин Паскы-Арык жерлигиндеги “Самаркандек” чек ара заставасына тажикстандык чек арачылар ок чыгарды. Көп өтпөй атышуу токтогон. Бул аймактагы окуядан Кыргызстандын эки жай тургуну олуттуу жаракат алышкан.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн Төрт-Көчө жерлигинде болуп өткөн жолугушуусунун жыйынтыгында бир катар макулдашууларга жетишилди.

Бирок, бүгүн, 16-сентябрда таңкы саат 06:00дө тажик тарап оор курал колдонуу менен кайрадан Кыргызстандын чек ара бекеттерин көздөй ок та баштаган.

Связанный пост