Кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышуу саат 14:40ка карата токтоду

 Кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышуу саат 14:40ка карата токтоду

 Баткен районунун Как-Сай жерлигинде ок атышуу саат 14:40ка карата токтоду. Бул тууралуу КР УКМКнын Чек ара кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде кырдаал чыңалуу бойдон сакталып турат. Эки тараптын чек ара делегацияларынын сүйлөшүүлөрү уланууда.

Эскерте кетсек, бүгүн, 14-сентябрда эртең менен кыргыз-тажик чек арасында ок атылды.

УКМКнын Чек ара кызматы билдиргендей, Кыргызстандын чек ара кызматкерлери Баткендин Булак-Башы тилкесинде кызмат өтөп жаткан учурда Тажикстандын чек арачыларын байкашкан. Алар мурда түзүлгөн келишимдерди бузуп, такталбаган чек ара тилкесинде күжүрмөн позицияларды ээлешкен.

“Тажикстандык чек арачылар кыргыз тараптын тилкеден чыгып кетүү боюнча мыйзамдуу талаптарына баш ийбей, ок чыгарган. Жооп катары кыргызстандык чек арачылар дагы ок чыгарган. Ок атышууда тажик тарап миномет колдоно баштаган. Атышуудан эки кыргызстандык чек арачы жарадар болду”, – деп айтылат маалыматта.

Ал эми саат 14:00гө карата Баткендин Как-Сай жерлигинде Тажикстандын чек арачылары Кыргызстандын “Достук” чек ара заставасы көздөй ок чыгарышкан.

Связанный пост