Кыргыз-тажик чек арасы: жумушчу топ 17 чакырым тилке боюнча макулдашты

 Кыргыз-тажик чек арасы: жумушчу топ 17 чакырым тилке боюнча макулдашты

1-6-декабрь күндөрү Баткен шаарында кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргызстандын жана Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-тажик чек арасындагы 17,66 чакырым тилкени тактоо боюнча макулдашкан. Ошондой эле аталган багытта ишти улантуу максатында 2023-жылга жолугушуулардын графиги макулдашылды.

Жумушту топтун жолугушуусу достук жана өз ара түшүнүшүү маанайында өткөн.

Кийинки жолугушуу Тажикстандын аймагында өтөт.

Связанный пост