Кыргыз-тажик чек арасы: Баткен жана Согди облусунун жетекчилеринин жолугушуусу пландалууда

 Кыргыз-тажик чек арасы: Баткен жана Согди облусунун жетекчилеринин жолугушуусу пландалууда

КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникация башкармалыгы 2022-жылдын 16-сентябры саат 09:30га карата мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде абал чыңалуу бойдон сакталып тургандыгын маалымдайт.

“Кызыл-Бел-авто жол” көзөмөл өткөрүү жайында Кыргызстандын Баткен облусу менен Тажикстандын Согди облусунун жетекчилеринин жолугушуусу пландалууда.

Жолугушууга тараптардын чек ара өкүлдөрү катышат.

КР УКМКнын Чек ара кызматы Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасынын бардык периметри боюнча атышуу уланып жатканын белгилейт.

“Тажик тарап танктарды, БТР, БМП жана минометторду колдонууда. КР УКМКнын Чек ара кызматынын Баткен облусунун аймагында жайгашкан өздүк курамы ок атышууну улантууда”, – деп айтылат маалыматта.

Связанный пост