Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 32 жылдыгы Ошто өтөт

 Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 32 жылдыгы Ошто өтөт

2023-жылдын 31-августунда Ош шаарынын жана Ош облусунун аймагында Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 32 жылдыгы жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана саясий ишмери Н. Исановдун 80 жылдык мааракесине арналган мамлекеттик маанидеги иш-чаралар өтөт.

 

Программанын долбоору:

 

– Ош шаарында мамлекеттик тууну салтанатуу көтөрүү (Сулайман-Тоо);

– Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана саясий ишмери Насирдин Исановдун 80 жылдык мааракесине арналган илимий-практикалык конференция жана Насирдин Исановдун эстелигинин ачылышы (ОшМУ);

– “Ош – достуктун шаары” иш чарасы (Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театры);

– Спорттук мелдештер (Ахматбек Сүйүнбаев атындагы Ош шаарынын борбордук стадиону);

– Ат оюндары (“Төлөйкөн” ат майданы);

– Майрамдык салтанаттуу иш-чаралар (Ош шаарынын борбордук аянты).

Связанный пост