Кыргыз Республикасы 2030-жылга чейин туризмди туруктуу өнүктүрүү программасын ишке киргизүүдө

 Кыргыз Республикасы 2030-жылга чейин туризмди туруктуу өнүктүрүү программасын ишке киргизүүдө

Кыргыз Республикасы 2030-жылга чейин туризмди туруктуу өнүктүрүү программасын ишке киргизүүдө. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги маалымдады.

Туризмди туруктуу  өнүктүрүү программасы туристтик тармакты атаандаштыкка жөндөмдүү, туруктуу жана популярдуу кылуу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган.

Программа 2030-жылга чейин ишке ашырылуучу тогуз артыкчылыктуу багытты камтыйт:

1. Туризм жаатындагы мамлекеттик саясатты оптималдаштыруу – укуктук база менен стратегиялык башкарууну өркүндөтүү.

2. Керектөө рыногун калыптандыруу – жергиликтүү жана чет элдик коноктор үчүн туристтик кызматтардын жагымдуулугун арттыруу.

3. Туристтик кызматтар рыногун санариптик трансформациялоо – туристтик өнүмдөргө жетүүнү жеңилдетүү үчүн заманбап технологияларды киргизүү.

4. Туризм тармагында коопсуздукту камсыздоо – туристтердин коопсуз эс алуусу үчүн шарттарды түзүү.

5. Тарыхый-маданий мурастарды, табигый чөйрөнү жана экологиялык балансты сактоо жана өнүктүрүү.

6. Региондорду өнүктүрүү – туризмди өнүктүрүү аркылуу жергиликтүү экономикаларды колдоо.

7. Тармактын инфраструктурасын өнүктүрүү – транспорттук, мейманканалык жана туристтик инфраструктураны жакшыртуу.

8. Жашыл технологияларды киргизүү – экологиялык таза демилгелерди колдоо.

9. Медициналык, спорттук жана санаторий-курорттук туризмди өнүктүрүү – туристтер үчүн уникалдуу сунуштарды жаратуу.

Программадан күтүүчү негизги максаттар (2030-жылга чейин):

Кыргызстанды Дүйнөлүк экономикалык форумдун туризм жана саякат жаатындагы атаандаштык индексинде алдыңкы 50 өлкөнүн катарына киргизүү.

Туризмдин өлкөнүн ИДПсындагы үлүшүн 7% га жеткирүү. Чет элдик жана жергиликтүү туристтердин санын жыл сайын 10% га көбөйтүү.

Эл аралык тоо туризминин коопсуздук рейтингинде 70 жана андан жогору баллга жетүү. Бул максаттарга жетүү үчүн мониторинг жана баалоо системасы иштелип чыккан.

Ал программаны ишке ашыруунун жүрүшүнө жана максаттарга жетүү деңгээлине үзгүлтүксүз анализ жүргүзүп турат. Программа туристтик тармакты өнүктүрүү менен гана чектелбестен, региондордун экономикалык өсүшүнө, Кыргызстандын уникалдуу табияты менен маданий мурастарын сактоого жана өркүндөтүүгө да багытталган.

Программа Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 18-декабрындагы №765 токтому менен бекитилди.

Связанный пост