Кыргыз-кытай чек арасындагы эки өткөрмө бекет үч күнгө жабылат

 Кыргыз-кытай чек арасындагы эки өткөрмө бекет үч күнгө жабылат

Кыргыз-кытай чек арасындагы “Торугарт” жана “Эркечтам” көзөмөл-өткөрүү бекеттери үч күнгө жабылат. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.

 

Кытай Эл Республикасында Жаз майрамы майрамдала тургандыгына байланыштуу, коңшу мамлекеттин демилгеси менен өткөрмө бекеттер 29-январдан 31-январга чейин жабылат.

 

Өткөрмө бекеттер 1-февралда кайра иштеп баштайт.

Связанный пост