Кыргыз-кытай чек арасы бир күнгө жабылат

 Кыргыз-кытай чек арасы бир күнгө жабылат

Кыргыз-кытай чек арасы бир күнгө жабылат. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, кытай тараптын демилгеси менен Цинмин – маркумдарды эскерүү күнүн белгилөөгө байланыштуу “Торугарт” жана “Эркечтам” бекеттери 4-апрелде жабык болот.

 

Үстүбүздөгү жылдын 5-апрелинен тарта аталган бекеттер кайрадан адаттагы режими боюнча иштей баштайт.

Связанный пост