Кыргыз делегациясы БУУнун климаттын өзгөрүшү боюнча конференциясына катышууда
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов башында турган Кыргызстандын делегациясы жана президенттин тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча беш жылдык аракеттерди ишке ашыруу боюнча атайын өкүлү Динара Кемелова Бразилиянын Белем шаарында БУУнун климаттын өзгөрүшү боюнча 30-конференциясынын (COP30) расмий ачылыш аземине катышты.
2025-жылдын 10-ноябрында Бразилияда климаттын өзгөрүшү боюнча БУУнун 30-конференциясы башталды, ага эки жуманын ичинде дүйнөнүн 190 өлкөсүнөн 50 миңге жакын делегат катышат деп күтүлүүдө.
Кыргыз делегациясы климат тууралуу сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тоолуу аймактардын тургундарынын кызыкчылыктарын коргоону активдүү илгерилетүүнү жана дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн тоолуу экосистемалардын өзгөчө аялуу маселелерине бурууну пландаштырууда.
Кыргызстандын делегациясынын COP30дун төрагасы жана катышуучулар менен болгон жигердүү консультацияларынын жыйынтыгында, бразилиялык төрагалыктын алдында Конференциянын алкагында тоо күн тартиби боюнча көп тараптуу консультацияларды өткөрүү боюнча макулдашууга жетишилди. Анда мамлекеттердин жана кызыкдар катышуучулардын тоо коомчулугунун жана тоо экосистемаларынын климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуусу жана туруктуулугун жогорулатуу боюнча тиешелүү чараларды көрүүгө байланыштуу пикири угулат.
Конференциянын алкагында Кыргыз делегациясы БУУнун климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясынын аткаруучу катчысы Саймон Стил менен жолугушту. Анда тоолуу аймактардын климаттык каржылоого жеткиликтүүлүгүнүн актуалдуу маселелери талкууланды. Ошондой эле Кыргызстандын делегациясы Бишкекте тоолуу аймактардын туруктуулугу боюнча глобалдык борбор түзүүнү сунуштады. Алдыдагы күндөрү делегация сүйлөшүүлөргө катышуусун улантат.