Кыргыз альпинисти Асел Байбагышева Эверестти багындырды

Кыргыз альпинисти Асел Байбагышева Эверестти багындырды. Бул тууралуу Кыргызстандын Альпинизм жана аскага чыгуу федерациясынын президенти Эдуард Кубатов билдирди.
Анын айтымында, Асел Байбагышева Эверестке чыккан биринчи кыргызстандык аял болуп калды.
“Асел – дүйнөдөгү эң бийик Эверест чокусуна Кыргызстандан чыккан биринчи айым. 11-май биздин спорт үчүн тарыхый күн. 1-2 күн ичинде альпинистибиз негизги лагерге аман-эсен түшүп алсын. Асел тоо кут болсун!”, – деди Эдуард Кубатов.
Белгилей кетсек, Непалдагы Эверест чокусу деңиз деңгээлинен 8848 метр бийиктикте жайгашкан.
Асел Байбагышева Эверестти багындыруу үчүн сапарга 14-апрелде аттанган. Аны тоого чыгууда альпинист Кадыр Сайдилкан коштоп жүрөт.
“Сүйүнчү, сүйүнчү!
Жаңы тарых жаралды!
Кыргыз элиме кут болсун.
Кыргыздын кыйын кызы, Кыз Сайкалы, Жаңыл Мырзасы Асел Байбагышева жаңы тарых жарата алды!!! 2025-жылдын 11-майында эрте мененки саат 9:15те Негизги жатактан чокуга чейин рекорддук убакытта (09.05.2025 саат 3:00дө негизги жатактан чыгып) 2 күндө же болбосо 54 саатта чыгып, кыргыз желегин аалам чокусу Эвересте желбиретип, кыргыз айымынын кыйындыгын, кайраттуулугун, чыдамкайлыгын, шамдагайлыгын ааламга жар салды. Аалам чокусунда кыргыз айымынын изи калды. 2025-жылдын сезонунда Эверест чокусундагы 1-чыккан дүйнөдөгү 1-айым болду.
Күн-түн уктабай, санаа тарткан күндөрүм артта калды
Азаматсың алтын кыз, баатыр кыз.
Кыргызда сендей баатыр кыз барына чексиз сыймыктанам”, – деп жазды Кадыр Сайдилкан.
Эдуард Кубатов буга чейин “Биринчи кыргыз айымы Эверестте” долбоору өлкөнүн тарыхында биринчи жолу ишке ашырылып жатканын айткан.
Эске салсак, Асел Байбагышева Кыргызстандагы Жеңиш, Хан-Теңири, Жел-Айдар чокуларына чыккан. Ал эми 2022-жылы кыргыз альпинисттердин улуттук курамасындагы 6 адам менен биргеликте 8000 метрлик Манаслу чокусун ийгиликтүү багындырган. Дал ушул чокуга Асел Байбагышева кычкылтекти колдонбостон чыккан жападан жалгыз биринчи кыргыз аял катары тарыхта калган.