Кырчын жайлоосуна акысыз транспорт каттай баштады
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын Кырчын жайлоосунда өтүүчү иш-чараларына келген коноктор жана жергиликтүү тургундар үчүн үч багыт боюнча акысыз автобус каттамдары уюштурулду.
Оюндардын медиа штабынан билдиришкендей, акысыз автобустар бүгүн саат 08:00дөн баштап каттай баштады. Каттамдардын аралыгы 15 мүнөттү түзөт. Үч багыт боюнча тең жол кире акысыз.
- №1 каттам: Жаркынбаев — Кырчын — Семеновка
Автобустар Жаркынбаев айылынан чыгып, Ананьево, Семеновка жана Григорьевка аркылуу өтүп, Кырчын жайлоосуна барат.
- №2 каттам: Бостери (ипподром) — Кырчын — Семеновка — Григорьевка
Каттам Чолпон-Ата шаарындагы ипподромдун аймагынан башталып, Бостери, Корумду, Темировка, Григорьевка жана Семеновка аркылуу Кырчын жайлоосуна жетет.
- №3 каттам: Бает (Чайка Резорт) — Кырчын — Семеновка — Григорьевка
Автобустар Бает айылынан чыгып, Чолпон-Ата, Корумду, Григорьевка жана Семеновка аркылуу Кырчын жайлоосуна барат.
Жүргүнчүлөр автобустарга каттам боюнча белгиленген аялдамалардан гана отуруп же түшүп кала алышат.
“Конокторго жолго чыгар алдында каттамдардын схемасы менен таанышып, өздөрүнө жакын аялдаманы тандап алуу сунушталат. Бул жолго кетүүчү убакытты үнөмдөөгө жана жүргүнчүлөрдү автобустарга бирдей бөлүштүрүүгө мүмкүнчүлүк берет. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтүп жаткан мезгилде Кырчын жайлоосуна жеке унаалар менен кирүүгө тыюу салынат”,-деп айтылат маалыматта.