Кылмыштуу кирешелерди адалдоо иши боюнча мурдагы милиционер кармалды

 Кылмыштуу кирешелерди адалдоо иши боюнча мурдагы милиционер кармалды

Кылмыштуу кирешелерди адалдаштырууга шектүү кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Атайын кызмат тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын алкагында кылмыштуу кирешелерди легализациялоо (адалдоо), ошондой эле уюшкан кылмыштуу топтун ишин каржылоо фактысы боюнча катталган кылмыш ишинин материалдарынын негизинде, кылмышка шектүү катары Кыргызстандын жараны – А.Ж.С. кайрадан кармалды. Ал Ички иштер министрлигинин мурдагы кызматкери.

Шектүү буга чейин Кыргызстандын атайын кызматы тарабынан эл аралык издөөдө жүргөн Өзбекстандын уюшкан кылмыштуу тобунун лидери С.Абдувалиевдин ишмердүүлүгүн активдүү каржылап жүргөн.

Тактап айтканда, 2024-жылдын декабрь айында айыпталуучу А.Ж.С.тин камакта кармоо түрүндөгү баш коргоо чарасы башка жака кетпөө түрүндөгү милдеттемесине өзгөртүлгөн. Бирок, тергөө-иликтөө иштеринин жүрүшүндө айыпталуучу тарабынан соттук чаранын шарттарын бир нече жолу бузуу фактылары аныкталган. Тактап айтканда, айыпталуучу тергөө органдарынын чакыруусуна системалуу түрдө келбей, процессуалдык милдеттерди аткарбай койгон.

Соттук чаранын шарттарын бузгандыгын эске алуу менен айыпталуучу А.Ж.С. соттун чечими менен камакка алынды.

Связанный пост