Кыргызстандын үч университети дүйнөлүк рейтингдин тизмесине кирди
И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети, Кыргыз-Россия Славян университети жана Кыргыз-Түрк “Манас” университети QS World University Rankings 2025 тизмесине кирди. Бул тууралуу КРнын Билим берүү жана илим министрлиги маалымдады.
QS (Quacquarelli Symonds) версиясы боюнча дүйнөнүн 1503 университетинен Кыргыз-Россия Славян университети – 851-900, Кыргыз-Түрк “Манас” университети –
901-950, Кыргыз мамлекеттик техникалык университети 1201-1400 орунду эледи.
Өзгөчө макамдагы ЖОЖдордун арасынан И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети жана Кыргыз-Россия Славян университети абройлуу Quacquarelli Symonds рейтингине биринчи жолу кирди.
Бул жылы рейтингинде биринчи орунду –АКШдагы Массачусетс технологиялык институти, экинчини – Лондон императордук колледжи, үчүнчүнү –
Оксфорд университети ээледи.
Университеттер төмөндөгү критерийлер боюнча бааланды:
• жогорку окуу жайдын академиялык кадыр-баркы / Academic Reputation,
• жумуш берүүчүлөр арасында аброю / Employer Reputation,
• окутуучулар менен студенттердин санынын катышы / Faculty/Student Ratio,
• окутуучулардын илимий иштерине шилтемелердин индекси / Citations per faculty,
• чет өлкөлүк окутуучулардын катышы / International faculty ratio,
• чет өлкөлүк студенттердин катышы / International student ratio,
• эл аралык изилдөө тармагы / International Research Network.
• жумушка орношуу көрсөткүчү/ Employment Outcomes,
туруктуулук /Sustainability.