Курулуш министрлиги эмгекти коргоо чараларын күчөттү

Кырсыктарды жана уруксатсыз иш-чараларды болтурбоо максатында курулуш объектилеринде эмгекти коргоо жана коопсуздук техникасы боюнча талаптар күчөтүлдү.
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин жаңы буйругуна ылайык:
- коопсуздук боюнча инструктаждан өтпөгөн жана расмий таризделбеген адамдардын объекттерге кирүүсүнө тыюу салынды;
- курулуш аймагында расмий уруксатсыз иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынды;
- бардык объекттерде өткөрүү режими, жеке коргонуу каражаттары, жардам аптечкалары, инструкциялар жана инструктаж журналдары камсыздалууга тийиш;
- инженерлер, өзгөчө бийиктикте жүргүзүлгөн иштерге көңүл буруп, коопсуздук эрежелерин үзгүлтүксүз текшерип турушу зарыл.
Буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө министрдин орун басары Б.Турдугуловго жүктөлдү.