КРВИ жана сасык тумоонун эпидсезонунун келиши менен республика боюнча оорунун бара-бара өсүшү байкалууда
КРВИ жана сасык тумоонун эпидсезонунун келиши менен республика боюнча оорунун бара-бара өсүшү байкалууда. Бул тууралуу КРнын Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.
Оперативдик маалыматтарга ылайык 2024-жылдын 02-жумасына (и.к. 142,5) салыштырмалуу 2024-жылдын 03-жумасында (15.01-21.01.2024-ж.) республика боюнча КРВИ жана сасык тумоонун 9295 учуру (и.к. 131,0) катталды, б.а. -8,1% төмөн. Ооругандардын ичинен 67,1% (6243 учур) 14- жашка чейинки балдар түзөт. Октябрь айынан тарта 1492 оорулуудан анализ алынды, лабораториялык изилдөөнун жыйынтыгы боюнча эпидсезон сасык тумоонун А/Н3N2 түрү менен негизделет. Мындан сырткары, курч респиратордук вирустук инфекциялардын циркуляциясы да байкалууда, алардын ичинен көбүрөөк риновирус 33,4%, респиратордук-синцитиалдык вирус 26,9%, парагрипп 18,7% жана башка вирустар 21% түзөт.
Оорунун жогору көрсөткүчтөрү Бишкек. Ош шаарларында жана Чуй облусунда катталды, и.к. 292,1; 189,3 жана 224,2 түздү. Мониторинг боюнча жумасына 2 ден 6 учурга чейин COVID-19 учурлары катталууда.Акыркы 03-жумада республика боюнча COVID-19 оорусунун 5 учуру Бишкек шаарында катталды.
Азыркы учурда бардык саламаттык сактоо уюмдарында карантин жана бет кап тагынуу режими киргизилген. Республика боюнча КРВИ жана сасык тумоонун эпид кырдаалына мониторинг жүргүзүү уланууда.