2023-жылы Ысык-Көлдө 335 миңден ашык көчөт отургузулган

 2023-жылы Ысык-Көлдө 335 миңден ашык көчөт отургузулган
“Жашыл мурас” улуттук өнөктүгүнүн алкагында облустун аймагында 304 га жер аянтына 335 723 даана ийне жана жазы жалбырактуу бак-дарактардын көчөттөрү отургузулду. Бул туралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Абдыкадыров Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун төрагалыгы астында өтүп жаткан жергиликтүү мамлекеттик органдардын жетекчилеринин, 2023-жыл ичинде аткарган иштеринин жыйынтыгы каралган жыйында билдирди.
Анын айтымында отургузулган көчөттөрдүн өнүмдүүлүгү орточо эсеп менен 82,5 пайызды түзөт.

Связанный пост