КРВИ: Ооруканаларда кошумча 200 орун даярдалды

 КРВИ: Ооруканаларда кошумча 200 орун даярдалды

Өлкөдө курч респиратордук вирустук инфекциялар жана сасык тумоонун күчөшүнө байланыштуу Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасында жана Улуттук эне жана баланы коргоо борборунда кошумча 200 орун даярдалды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Ошондой эле Шаардык балдар клиникалык тез жардам ооруканасы күчөтүлгөн режимде иштеп, кабыл алуу бөлүмүнө кошумча 10 педиатр тартылды. Учурда сасык тумоо менен кайрылган балдарга күнү-түнү жардам көрсөтүлүүдө.

Мындан тышкары, кайрылуулар көбөйгөн учурда жарандарды тез кабыл алуу үчүн оорукананын алдына бардык шарты бар эки мобилдик клиника орнотулду.

Связанный пост