КРнын жасалма паспорту менен чет мамлекеттин жараны кармалды

 КРнын жасалма паспорту менен чет мамлекеттин жараны кармалды
Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук системасына терс таасирин тийгизген факторлорду жана шарттарды аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн иш-чаралардын алкагында 2023-жылдын 19-июлунда Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортторун мыйзамсыз даярдоонун каналы аныкталды.
Тактап айтканда, ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын жасалма жалпы жарандык паспортун колдонуп жүргөн чет элдик жаран М.М. кармалды.
2023-жылдын 20-июлунда кармалган жаран КР Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык КР УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда КР УКМК тарабынан сотко чейинки өндүрүштүн алкагында кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Связанный пост