КРнын Өнүктүрүү институттарынын Координациялык кеңешинин жыйыны өттү

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары, Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү институттарынын Координациялык кеңешинин Төрагасы Бакыт Төрөбаев Кооркеңештин кезектеги жыйынын өткөрдү.

Жыйындын жүрүшүндө Бакыт Төрөбаев жеке ишкерлерди колдоо мамлекеттин артыкчылыктуу багыттарынын бири экендигин белгиледи.

“Биздин экономикалык саясатыбыздын багыты бизнес үчүн мүмкүн болушунча ыңгайлуу шарттарды түзүү. Ал эми өнүктүрүү фонддорунун жана мамлекеттик банктардын милдети – өзгөчө өлкөнүн аймактарында иш алып баргандарды жеткиликтүү финансылык ресурстар менен улуттук валютада камсыз кылуу”, – деди ал.

Отурумдун күн тартибинде “Кыргызнефтегаз” ААКсын модернизациялоо долбоору, Майлуу-Суу шаарына кичи ГЭС куруу долбоору жана Бишкек шаарына дене тарбия жана ден соолукту бекемдөө спорттук комплексин куруу долбоору каралды.

Маселен, Майлуу-Суу шаарына кичи ГЭС куруу үчүн 35,670 млн АКШ доллары керектелет. Демилгечиси “Майлуу-Суу лампа заводу” ААКсы. Бул долбоор ишке ашырылса, кубаттуулугу 26,4 МВт болгон кичи ГЭС иштей баштайт.

Бакыт Төрөбав өнүктүрүү фонддор жана мамлекеттик банктар айрым долбоорлорду ишке ашырууда гана эмес, бүтүндөй экономика тармагын өнүктүрүүгө салым кошоорун кошумчалады жана аларды экономикалык процесстерге жигердүү катышууга, ишкерлердин муктаждыктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн билүү үчүн бизнес менен тыгыз болуп, жаңы идеяларды сунуштоого чакырды.

Белгилей кетсек, Өнүктүрүү институттарынын Координациялык кеңеши түзүлгөндөн бери үч жолу жыйын өткөрүлдү. Бул аралыкта, 38ге жакын маселе каралып, анын 17си аткарылса, 8 чечим ишке ашуу алдында турат.

Связанный пост