Красноярск шаарында соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча Кыргызстан-Россия өкмөттөр аралык комиссиясынын 25-жыйыны тар курамда башталды

Красноярск шаарында (Россия Федерациясы) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаровдун жана Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасынын орун басары Александр Оверчуктун төрагалыгы астында, Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык маселелер боюнча Кыргыз Республикасы менен Россия федерациясынын өкмөттөр аралык комиссиясынын 25-жыйынынын тар курамдагы жолугушуусу башталды.

 

Жолугушууда соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүү, Евразиялык экономикалык биримдиктин алкагында интеграцияны тереңдетүү, илим, билим, маданият, туризм жана башка тармактарда кызматташуу маселелери каралат.

Связанный пост