КР Жогорку Кеңешинин кезектеги жаңы сессиясынын ачылышы болду
Бүгүн, 1-сентябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин V сессиясынын расмий ачылышы болду.
Алгач, Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу парламенттин сессиясын ачык деп жарыялап, андан соң Кыргыз Республикасынын гимни жаңырды.
Ошондой эле Төрага Жогорку Кеңештин имараты толугу менен оңдоп-түзөөдөн өткөнүн белгилеп: “Биринчи сыртынан башталган жаңылоо иштери быйыл ичинде да уланып, жыйындар залы атайын иштелип чыккан долбоордун негизинде заманбап болуп жасалгаланды. Демилгебизди колдогон Президентибизге, ишке ашырган Иш башкармалыкка депутаттардын атынан ыраазычылык билдирем. Ушул залда өлкөбүзгө, элибизге керектүү туура, акыйкат, адилет чечимдер чыгарылып, калкыбыздын жашоосун бакубат кыла турган мыйзам долбоорлору кабыл алынат деген ишеничтемин”, – деди.
Муну менен катар депутаттар эки ай бою аймактарда иш алып барып, элдин көйгөйлөрүн угуп келгенин эске салган Нурланбек Тургунбек уулу: “Эми ошол жер-жерлерде көтөрүлгөн маселелердин бардыгын Аткаруу бийлиги менен бирге ушул жерде талкуулап, чечишибиз керек”, – деп кошумчалады.
Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 83-беренесине жана Жогорку Кеңештин Регламентинин 32-беренесине ылайык, парламенттин сессиялары жыйналыш түрүндө сентябрдын биринчи жумушчу күнүнөн тартып келерки жылдын июнунун акыркы жумушчу күнүнө чейин өткөрүлөт.