КР Энергетика министрлиги менен кытайлык компания ГЭС куруу жаатында кызматташуу жөнүндө меморандумга кол койду
Кыргыз Республикасынын Энергетика министри Т. О. Ибраев Кытай Эл Республикасынын Энергетика иштери боюнча мамлекеттик башкармалыгынын директору Чжан Цзяньхуа мырза менен жолугушту.
Жолугушууда тараптар Кыргызстанда гидроэлектрстанцияларды жана энергиянын кайра жаралуучу булактарын куруу маселелери боюнча эки өлкөнүн ортосундагы кызматташуунун келечегин талкуулашты.
КР Энергетика министри Таалайбек Ибраев Кытай тараптын кызыгуусу үчүн ыраазычылык билдирип, эки өлкө ортосундагы энергетика жаатында тыгыз кызматташууга үмүт артаарын билдирди.
Пекин шаарында КР энеретика министри Т.Ибраев Кытайдын бизнес-коомчулугунун өкүлдөрү менен жолугушууга катышты.
Жолугушууда Кыргыз Республикасынын Энергетика министри Таалайбек Ибраев Кыргызстанда ишке ашырылып жаткан гидроэлектростанцияларды жана кичи ГЭСтерди, ошондой эле энергиянын кайра жаралуучу булактарын куруу жаатындагы келечектүү долбоорлор боюнча баяндама жасады.
«China National Electric Engineering Company» кытай компаниясы менен гидроэлектрстанцияларды жана энергиянын кайра жаралуучу булактарын куруу чөйрөсүндө өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө Меморандумга кол коюлду.
Бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү менен жолугушуу учурунда Кыргыз Республикасынын Энергетика министри Т.Ибраев “China National Electric Engineering Company” кытай компаниясы менен гидроэлектрстанцияларды жана энергиянын кайра жаралуучу булактарын куруу чөйрөсүндө өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө Меморандумга кол койду.