Кореядан ӨКМге тез жардам унаалары тапшырылды

Өзгөчө кырдаалдар министрлигине Корея мамлекетинен 4 тез жардам унаасы тапшырылды. Расмий кабыл алуу иш-чарасына министр Бообек Ажикеев жана аталган өлкөнүн “GO&DO” социалдык камсыздандыруу фондунун өкүлдөрү катышты.

Унааларды берүү боюнча Кыргыз Республикасы менен Корея Республикасынын өзгөчө кырдаалдар бөлүмдөрүнүн ортосунда буга чейин жетишилген макулдашуулардын негизинде, Кореянын Кёнгидо провинциясынын өрткө каршы башкармалыгы тарабынан бөлүнгөн.

Иш-чаранын жүрүшүндө Өзгөчө кырдаалдар министри Б.Ажикеев Кёнгидо провинциясынын Өрт өчүрүү башкармалыгына жана Кореянын “GO&DO” социалдык камсыздандыруу фондунун өкүлдөрүнө тез жардам унаасы түрүндө көрсөтүлгөн техникалык жардам жана аларды Кыргызстанга жеткирүүгө көмөктөшкөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди.

Связанный пост