Акыйкатчынын кийлигишүүсү: 66 жаштагы жаранга пенсия дайындалды
Акыйкатчы Жамиля Жаманбаеванын кийлигишүүсүнөн кийин Жалал-Абад облусунун 66 жаштагы тургунуна пенсия дайындалды.
Акыйкатчы институтунан билдиришкендей, ал үч жылдан бери пенсия алуу үчүн зарыл болгон документтерди чогулта албай келген.
“Жаран аскердик билети жоголуп, эмгек стажы жетишсиз болгондуктан пенсия ала албай келген. Анын кайрылуусунан кийин акыйкатчынын облустагы өкүлчүлүгү тиешелүү мекемелерге кат жөнөтүп, маселени чечүүгө көмөктөшкөн”, – деп айтылат маалыматта.
Текшерүүнүн жыйынтыгында анын эмгек стажы 3 жыл 1 ай 17 күн экени аныкталган. Пенсия дайындоо үчүн зарыл болгон камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөгөндөн кийин маселе кайра каралып, ага пенсия 2026-жылдын 8-октябрынан тартып эсептеле баштаган.
Белгиленгендей, Акыйкатчы институтуна пенсиялык камсыздоо боюнча 2025-жылы 6 кайрылуу түшсө, 2026-жылдын тогуз айында 15 кайрылуу түшкөн.