Кой-Таш окуясына тиешеси бар бир нече адамга сот өкүмү чыкты

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Кой-Таш окуясына тиешеси бар бир нече адамга сот өкүмүн чыгарды.
Соттун маалыматына ылайык, мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 11 жыл 6 айга сыртынан кесилип, мүлкү конфискацияланып, мамлекеттик сыйлыктарынан ажыратуу чечими чыгарылды. Ошондой эле ал кармалган учурда дароо камакка алынып, жалпы режимдеги түзөтүү колониясына жибериле тургандыгы белгилүү болду.
Андан сырткары, президенттик аппараттын мурдагы башчысы Фарид Ниязов менен ЖКнын мурдагы депутаты Равшан Жээнбеков 7 жыл 8 айга, СДПК партиясынын мүчөсү Ирина Карамушкина 7 жыл 6 айга эркинен ажыратылды. Аталган иш боюнча айыпталып жаткан дагы бир нече адам пробациялык жаза алды.
Ошондой эле, С.К.Р., М.М.Ж., О.К.А., К.у.Р., Ж.К.А. сыяктуу жарандар 5 жылдык пробациялык көзөмөл менен, ал эми К.А.С., К.А.Э., Ш.М.Т., К.у.Н. үч жылдык көзөмөл менен жаза өтөөдөн бошотулушту.
А.И., Т.Т.Т., К.К.К., В.Ю.И., С.А.Ш. — айрым беренелер боюнча акталып, калган кылмыштар үчүн жоопкерчилик мөөнөтү өтүп кеткендиктен жаза чарасы көрүлгөн жок.
Эске салсак, 2019-жылдын 7-8-август күндөрү күч түзүмдөрү мурдагы президентти Кой-Таш айылындагы үйүнөн алып кетүү учурунда анын тарапташтары катуу каршылык көрсөтүп, ок атылып, айрым адамдар жаракат алып, көз жумган.