Кочкордо аскер комиссариатынын жаңы имараты ачылды

Бүгүн Нарын облусунда Кочкор райондук аскер комиссариатынын жаңы имараты ачылды. Бул тууралуу Коргоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматта белгиленгендей, эки кабаттуу имарат республикалык бюджеттин эсебинен эң кыска мөөнөттө курулду. Комиссариаттын толук кандуу иштеши үчүн бардык зарыл болгон кеңселер жана жайлар каралган.

Салтанатка министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, Коргоо министри Руслан Мукамбетов, коомдук жана саясий ишмерлер, Жогорку Кеңештин депутаттары, аскер кызматкерлери жана алардын үй-бүлөлөрү, ардагерлер, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жана райондун тургундары, жаштар катышты.

Камчыбек Ташиев өз сөзүндө өлкө жетекчилиги тарабынан улуттук жана аскердик коопсуздукту чыңдоого, ошондой эле аскер кызматкерлеринин кызмат өтөөсүнө татыктуу шарттарды түзүүгө өзгөчө көңүл бурулуп жатканын баса белгиледи.

Салтанаттын соңунда аскер комиссарына ВАЗ-2121 “НИВА” автоунаасынын ачкычы, компьютердик жабдуулардын комплектисин тапшырылып, жаңы имараттын ачылышын билдирген кызыл тасма кесилди.

Иш-чаранын катышуучулары комиссариаттын инфраструктурасы менен таанышып, сүрөткө түшүштү. Ошондой эле аларга майрамдык концерт тартууланды.

Связанный пост