КМШга мүчө мамлекеттердин парламенттеринин жетекчилери Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдык маарекесине арналган эл аралык конференцияга катышты
КМШга мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясынын (КМШ ПАА) күзгү сессиясынын алкагында Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында улуу калемгер Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдык маарекесине арналган эл аралык конференция өттү.
Жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналган эл аралык конференциянын жүрүшүндө КМШга мүчө мамлекеттердин парламенттеринин жетекчилери сөз сүйлөшүп, аалам жазуучусу «маңкурт» терминин «Кылым карытар бир күн» романы аркылуу эң алгач колдонгондугун жана азыркы шартта адам баласы өз тарыхый, улуттук байланыштарынан ажырабай жашоосу керек экендигин белгилешти.
Алгач залкар калемгердин чыгармаларынан үзүндүлөр көрсөтүлүп, ошондой эле 95 жылдыгына арналган тасма тартууланды. Андан соң Төрага Нурланбек Шакиев куттуктоо сөзүн сүйлөп, алп жазуучунун жараткан эмгектери, жасаган иштери тууралуу баяндама жасады.
Өз баяндамасында Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгы казылып бүтпөс кенч, айтылып бүтпөс дастан экенин белгилеген Нурланбек Шакиев: “Айрыкча, Чыңгыз Айтматов чыгармаларында дайыма баштан-аяк адамдык бийик сапаттарды даңазалайт. “Адам уулу качан Адам болот?” – деген улуу суроонун тегеринде ой терметет”, – деди.
Ал эми РФ Федералдык Жыйынынын Федерация Кеңешинин Төрайымы Валентина Матвиенко алдыда күтүлүп жаткан Чыңгыз Айтматовдун мааракеси менен куттуктап, мындай масштабдагы улуу жазуучу бүткүл дүйнөгө таандык экендигин белгилеп: «Кыргызстан сыяктуу эле, Россияда да Айтматовду өз жазуучусу катары билишет. «Жаныбарым, Гүлсарым» повести СССРдин мамлекеттик сыйлыгына татыса, «Ак кеме» дүйнөлүк бестселлерге айланган. Ал дайыма жаңыча ой жүгүртө билип, философиялык жанрдын чебери болгон, анын чыгармаларында адам баласына болгон ишенимге басым жасалчу. Анын чыгармалары окурмандардын жүрөгүнөн терең орун алып, улутуна карабай ар бир адамдын жан дүйнөсүн козгой алчу», – деди Валентина Матвиенко.
Өз кезегинде Азербайжан Милли Межлисинин Төрайымы Сагиба Гафарова кыргыз элинин улуу Чыңгыз Айтматов тирүү кезинде эле классикке айланып, адамзатка чоң мурас калтырып кеткендигин белгиледи. «Чыңгыз Айтматов жалпы адамзаттык баалуулуктарды көтөргөн адабият алпы болуп саналат. Айтматовду «Жамийла» повести дүйнөгө таанытты. Ал коомдук-саясий, дипломатиялык ишмер катары да Кыргызстанды эл аралык аренада татыктуу алып чыгып жүрдү. Айтматов Азербайжан элинин эң жакын досу, Кыргызстандын гана эмес, бүткүл түрк дүйнөсүнүн сыймыгы», – деди Азербайжан Республикасынын Милли Межлисинин Төрайымы Сагиба Гафарова.