КМШ мамлекеттеринин Тышкы иштер министрлер кеңешинин отуруму болуп өттү

2023-жылдын 12-октябрында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Ж.Кулубаевдин төрагалыгы астында КМШга катышуучу мамлекеттердин Тышкы иштер министрлер кеңешинин отуруму болуп өттү.
✅Эл аралык күн тартибинин актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашуунун жүрүшүндө КМШнын форматындагы саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык өз ара аракеттенүүнүн абалын жана келечеги талкууланды.
✅Министр Ж.Кулубаев өз сөзүндө КМШнын негизги жетишкендиктеринин бири – бул андан ары интеграцияга умтулуу менен ишенимдүү саясий мамилелерди сактап калуу экендигин белгиледи. Ал белгилегендей, Кыргыз Республикасынын төрагалыгы алкагында күч-аракет Шериктештиктин ишинин отуз жылдык тажрыйбасын андан ары өнүктүрүүгө жана азыркы этапта катышуучу мамлекеттердин көп тараптуу кызматташтыгын түзүүгө багытталды.
✅Катышуучу мамлекеттердин ортосундагы маданий-гуманитардык кызматташтыкка чоң көңүл бурулду.
✅Шериктештиктин элдери үчүн маанилүү дата болгон Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгын майрамдоого даярдык көрүү маселелерине өзгөчө басым жасалды.
✅Ошондой эле регионалдык кызматташуу, коопсуздук маселелери, эл аралык терроризмге жана уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү жаатындагы маселелер талкууланды.
Отурумда:
🔹Орус тили боюнча эл аралык уюм түзүү жөнүндө келишимге,
🔹Кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоонун жана терроризмди каржылоонун тобокелдиктерин баалоо боюнча эл аралык борбор түзүү жөнүндө макулдашууга,
🔹КМШга катышуучу мамлекеттердин Соттук-эксперттик ишмердүүлүк чөйрөсүндө координациялык кеңеш түзүү жөнүндө макулдашууга кол коюлду.
🔹Ошондой эле 2024-2028-жылдарга кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча биргелешкен иш-чаралардын мамлекеттер аралык программасы бекитилди.
КМШ Тышкы иштер министрлер кеңешинин кезектеги жыйынын 2024-жылдын 12-апрелинде Минск шаарында өткөрүү чечими кабыл алынды.

Связанный пост