КМШ өлкөлөрүнүн бажы кызматтарынын кинологиялык түзүмдөрүнүн мелдештери. МБК байгелүү орунга ээ болду

2023-жылдын 5-июнунан 8-июнуна чейин Азербайжан Республикасынын Гянджа шаарында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө-мамлекеттердин бажы кызматтарынын кинологиялык түзүмдөрүнүн кызматтык иттер менен биринчилиги үчүн XI  мелдеши өттү.

Мелдешке Кыргызстандын, Азербайжандын, Россиянын, Казакстандын жана Өзбекстандын бажы кызматтарынын кинологиялык бөлүмдөрүнүн кызматтык иттери менен кызматкерлери катышты.

Кызматтык иттери бар катышуучулар 5 номинация боюнча мелдешке катышышты: баңгизатты багажда, имараттын ичинде, жүк ташуучу унааларда, жеңил унааларда издөө жана баш ийүү. Акыркы номинацияда «Адистештирилген окутуу»  бажысынын кинологиялык даярдоо бөлүмүнүн ага инспектору Н.В.Гладкова «Герда» аттуу кызматтык ити менен 3-орунду ээледи.

Мындан тышкары, иш-чаранын алкагында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин Бажы кызматтарынын башчыларынын Кеңешинин Укук коргоо органдарынын жетекчилеринин комитетинин жумушчу тобунун кинологиялык ишмердүүлүк боюнча 27-отуруму жана «Аба өткөрүү пункттарында кызматтык иттерди колдонуунун өзгөчөлүктөрү» деген темада семинар өткөрүлүп, катышуучуларга тажрыйба алмашууга мүмкүнчүлүк түзүлдү.

 

Связанный пост