Кичи-Кеминге чакан ГЭС куруу долбоору талкууланды
Кичи-Кеминге чакан ГЭС куруу долбоору талкууланды. Бул тууралуу Мамлекеттик өнүктүрүү банкы, «Энергия Будущего» ЖЧКсы жана Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фонду долбоордун алкагында жолугушуу өткөргөн учурда белгилүү болду.
Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондунун маалыматына ылайык, долбоор Кыргызстандагы энергетика тармагы үчүн стратегиялык мааниге ээ болуп, чакан гидроэнергетиканы өнүктүрүүгө, электр энергиясынын тартыштыгын жарым-жартылай жоюуга жана аймактын энергетикалык коопсуздугун жогорулатууга көмөкчү болмокчу.
Ошондой эле долбоорду ишке ашыруу жаңы жумуш орундарын түзүп, салыктык түшүүлөрдүн көбөйүшүн камсыз кылат жана жакынкы айылдарды, ишканаларды электр энергиясы жана ичүүчү суу менен камсыздоого мүмкүнчүлүк берет. Бул калктын жашоо деңгээлине, ошондой эле чакан жана орто бизнестин өнүгүшүнө оң таасирин тийгизет.
Белгиленгендей, бул демилге өлкөнүн негизги социалдык-экономикалык милдеттерине — энергетикалык көз карандысыздыкты бекемдөөгө жана аймактарды туруктуу өнүктүрүүгө шайкеш келет. Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фонду долбоорду ишке ашырууга мындан аркы кызматташууга жана көмөктөшүүгө даяр экенин ырастады.