Кербен шаарында 150 орундуу жаңы мектеп пайдаланууга берилди

Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Жалал-Абад облусуна иш сапары менен барды.

Алгач Төрага Кербен шаарына караштуу Өлөң-Булак айылында жайгашкан №55 К.Абдырахманов атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинин жаңы имаратынын ачылышына катышты.

Алсак, тургундар Нурланбек Тургунбек уулу депутат болуп шайланганда 1986-жылы курулган авариялык абалдагы мектепти жаңыртып берүү өтүнүчүн айтышкан. Ага ылайык, депутаттын демилгеси менен 2023-жылы 150 орундуу билим берүү жайынын курулушу башталып, долбоорго жалпы 38 млн сом жумшалган. Учурда ашканасын да салуу иши уланууда.

Жакшы тилек менен башталган иш аягына чыгып, келечек ээлерине эшигин ачып жатканын кубануу менен белгилеген Төрага: “Буйруса тоо койнунда жайгашкан мындай куттуу жайдан элибизге кызмат кылган, мыкты уул-кыздар таалим-тарбия алып чыгарына терең ишенем. Анткени, “Ааламга жол айылдан башталат” – дегендей, кыргыз тарыхында элеттен чыккан эр-азаматтар эл башкарган мисалдар арбын”,– деди.

Ошондой эле өзү бала чагында 4 чакырымга жакын жолду жөө басып барып, билим алганын эске салган Нурланбек Тургунбек уулу: “Азыр биз ар бир айылды мектеп менен камсыздоого астейдил көңүл буруп, эскилерин толугу менен жаңыртууга аракет кылып жатабыз. Бирок жаңы мектептер курулганы менен билимдин сапаты төмөн бойдон калып жатканын моюнга алышыбыз зарыл. Жыл сайын өтүп жаткан жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыктары буга мисал. Андыктан, мамлекет аталган багытта алгылыктуу иштерди жүргүзүп, мугалимге эле жүктөп койбой, ар бир ата-эне балдарынын келечегине кам көрүшү керек”,– деп кошумчалады.

Муну менен катар акыркы мезгилдери мугалимдерге карата ата-энелер жана окуучулар тарабынан туура эмес мамиле жасалган учурлар кездешип жатканын айткан Төрага асыл кесиптин ээси болгон агартуучуларга урмат-сый көрсөтүү менен гана татыктуу таалим-тарбия алууга болорун баса белгиледи.

Андан тышкары, өлкөдө жүргүзүлүп жаткан реформалар, ишке ашырылып жаткан долбоорлор тууралуу да учкай кеп кылган Нурланбек Тургунбек уулу Аксы районунда эле көптөгөн социалдык мектептер курулуп, жолдор жана суу каналдары жаңыртылып жатканын эске салды.

“Акыркы төрт жыл аралыгында өлкө казынасы үч эсе өсүп, 704 млрд сомго жетти. Кийинки жылдын бюджетин 800 млрд сомдон ашыруу пландалууда. Андыктан, мамлекетибизди өнүктүрүүгө багытталган аракеттер дагы уланат”, – деген Төрага Өлөң-Булак айылына жаңы заманбап спорт залын да куруу боюнча тиешелүү жетекчилерге тапшырма берди.

Ошондой эле Нурланбек Тургунбек уулу жаңы мектепке жардам катары 300 миң сомдук сертификат тапшырды.

Связанный пост