Кендирбаева: Мектеп курууда демографиялык өсүшкө көңүл буруу зарыл

 Кендирбаева: Мектеп курууда демографиялык өсүшкө көңүл буруу зарыл

Акыркы жылдары өлкөдө 600гө жакын жаңы мектеп курулду. Алардын дээрлик баары химиялык лабораториялар менен толук жабдылган. Мындан тышкары, жакынкы үч жылда 128 авариялык мектеп кайрадан курулуп, алардын баары химиялык лабораториялар менен камсыздалат. Бул тууралуу агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева Жогорку Кеңештин илим, билим берүү, инновациялык өнүгүү жана маалыматтык технологиялар, маданият комитетинин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, мектептерди каржылоодо окуучулардын саны жана демографиялык өсүш эске алынышы керек.

“Демографиялык өсүшү жок жерлерге эсепсиз чоң мектептерди салуунун кереги жок. Бул боюнча биз өз сунуштарыбызды бергенбиз. Бүгүнкү күндө 900 мектепте 600гө чейин, 600 мектепте 300гө чейин бала окуйт. Бюджеттен кеткен чыгымды карасак, дээрлик 91 пайызы айлыкка кетип жатат. Ал эми өнүгүү, өсүү болбой жатат”, — деди министр.

Кендирбаеванын белгилешинче, мындан ары мектептерди куруу маселесинде санариптик маалыматтарга таянуу сунушталууда.

“Кайсы жерде бала көп болсо, ошол жерге мектеп салуу маселесин санариптик маалыматтар менен тастыктап, биз менен кеңешип туруп сунуштоону киргизебиз”, — деди ал.

Связанный пост