Кеминде ГЭС курган компания экологияга зыян келтиргени үчүн 16 млн сом доо коюлду
Кемин районунда ГЭС куруу учурунда экологиялык мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Кичи-Кемин айыл өкмөтүнүн Сары-Күнгөй коктусунда чакан ГЭС куруп жаткан “Энергия Будущего” ЖЧКсынын ишмердүүлүгүнө пландан тышкары текшерүү жүргүзүлгөн.
Анын жүрүшүндө курчап турган чөйрөнү коргоо мыйзамдарынын талаптарын бузуу фактылары, анын ичинде курулуш иштерин жүргүзүүдө экологиялык ченемдердин сакталбагандыгы аныкталган. Бул жагдай курчап турган чөйрөгө терс таасирин тийгизген.
Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча акт түзүлүп, эскертүү берилди. Келтирилген зыяндын ордун толтуруу максатында 16 млн 353 миң 792 сом өлчөмүндө доо арыз коюлду. Тиешелүү материалдар белгиленген тартипте кароо үчүн жөнөтүлдү.