Келгиле табиятыбызды таза сактайлы. Президент кыргызстандыктарга кайрылуу жасады

Президент Садыр Жапаров өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына видео жүктөп, кыргызстандыктарды табиятты таза сактоого чакырды.

“Бүгүн дем алыш күнү Ысык-Көлдүн жээгин жөө кыдырып келдим. Болгону бир километр жээкти видео тасмага тартып алдым. Өзүңүздөр көрүп тургандай бир метр таза жер жок. Жээктин баары таштандыга толуп кеткен.

Анысы аз келгенсип автомашиналар менен көлгө чейин кирип алышкан. Көлдүн жээгине 100 метрге чейин кирбеш керек деген эрежени билишпейт (автомобилдерди жана ээлерин аларды уят кылбайын деп видеодон алып койдум).

Абдан өкүнүчтүү. Ысык-Көл бизге бүгүн эле керектей колдонобуз. Тартипсиздер менен баарлашып көрүп, 20-30, 40-50 жылдан кийин да урпактарыбызга таза табият керек деген нерсе бир дагы жараныбыздын оюна келбей турганын билип абдан өкүндүм.

Жээктеги тартип бузган, таштанды таштаган, машина менен көлдүн ичине чейин кирип алган эс алуучулардын 100 пайызы өзүбүздүн жарандар экен.

Урматтуу кыргызстандыктар, келгиле табиятыбызды таза сактайлы. Өзүңөрдүн таштандыны өзүңөр жыйнай кетсеңер колуңар сынып калбайт го акыры. Табият силерге бүгүн эле керектей колдонбогула да.

Бизден кийинки муундарга да табият керек экенин унутпагыла. Эң жок дегенде эс алуудан кетип атканда таштандыны карап туруп “эртең ушул жерге балам, неберем, чөбөрөм келип олтурат го, тазалап кетейинчи” деп тазалап кетсеңер колуңарга бир нерсе жугуп калабы.

Бүгүн сен олтуруп таштанды таштап, чочко сарай кылып кеткен жерге эртең балаң, неберең келип олтураарын эстен чыгарба.

Ошолор келип сен таштап кеткен таштандыга олтурганда кандай абалда болоорун элестет.

Бул кайрылуум бир эле Ысык-Көлдүн айланасына тиешелүү эмес, бүткүл өлкө боюнча эс алуучу жайларга, жайлоолордо жашаган жарандарыбызга, жергиликтүү элдерге, дегеле кыргызстандыктардын баарына тиешелүү”, – деп жазган өлкө башчысы кайрылуусунда.

Связанный пост