«Келечек үчүн билим берүү» долбоорунун алкагында 25 миң педагог окутуудан өттү

Билим берүү жана илим министрлиги Дүйнөлүк банктын каржылык колдоосу менен ишке ашырып жаткан «Келечек үчүн билим берүү» долбоорунун алкагында пилоттук 1200 мектептеги 25 миңдей педагогду окутту. Дагы 33 миң мугалим тренингден өтөт.

Педагогдордун кесиптик көндүмдөрүн жогорулатууга багытталган иш чаралар 2023-жылдын июнь жана август айларында Кыргызстандын бардык областарында жүрдү:

  • «Санариптик сабаттуулук» программасы боюнча –15500дөн ашык мугалим;
  • «Инновациялык педагогикалык технологиялар» программасы боюнча – 3 миң мугалим;
  • «Инновациялык педагогикалык технологиялар жана STEM билим берүүнүн негиздери» программасы боюнча – 3 миңден ашык мугалим;
  • «Коррекциялык окутуунун техника жана ыкмалары» программасы боюнча – 3 миңден ашык мугалим.

 

Окутуулар гибриддик форматта – онлайн жана реалдуу режимде жүргүзүлдү. Калган педагогдор 2023-жылдын октябрь-ноябрь жана 2024-жылдын март, май, июнь айларында тренингдерге катышат.

Связанный пост